Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
23/03 16:27
 

“Замандаш” ассоциациясы Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон дагы 7 кыргызстандыкты тапты

 Бишкек, 23-март /Кабар/. Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон дагы 7 кыргызстандык табылды. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, “Замандаш” ассоциациясынын “Жеңиш ысымдары” акциясынын алкагында дайынсыз жоголгон кыргызстандыктардын көмүлгөн жерлерин табуу боюнча издөө иштери жүрүп жатат. Мындан мурун айтылгандай ассоциация тарабынан согушта дайынсыз жоголгон 26 солдат жана алардын көмүлгөн жери табылган.
Издөө иштеринин андан кийинки процессинде Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон дагы 7 кыргызстандык жана алардын көмүлгөн жерлери табылган.
Табылган кыргызстандыктар:
1. 1919-жылы туулган Ильясов Кудайберген, Калинин району,
2. 1924-жылы туулган Акматов Эшимбек;
3. Айдарбаев Насыркул;
4. Ибраимов Жуматай;
5. 1922-жылы туулган Алимкулов Сыргабай, Кыргыз ССР, Фрунзе облусу, Панфилов району, Буденный айылы;
6. Жумабаев Ибраим;
7. 1920-жылы туулган Садыков Кемел, Ат-Башы району, Тянь-Шань облусу.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу