Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
23/03 12:53
 

Лейлек районунун Исфана шаарында ардагерлер аллеясына 70 түп ийне жалбырактуу көчөт отургузулду

 Баткен, 23-март /Фарида Убайдуллаева-Кабар/. Бул тууралуу Лейлек районунун акиминин орун басары Марипат Ташполотова билдирди.
Улуу Ата Мекендик согушка Лейлек районунун аймагынан 6 миңден ашык эр азамат аттанган. Алардан 2000ден ашыгы кайра кайтып келген. Бүгүнкү күндө 21инин көзү тирүү.

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Лейлек райондук Ардагерлер кеңешинин «Түбөлүктүүлүктүн жана жашоонун урматына» деген аталыштагы акциясы Исфана шаарында өткөрүлдү. Бул акцияга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү окуу жайларынын студенттери катышты.
Исфана шаарынын борборунда согуштун катышуучулары жана андан кайтпай калган аталар үчүн атайын эскерүү аянттары уюштурулган . Эскерүү аллеясына 70 түп ийне жалбырактуу көчөт отургузулду. Андан сырткары бак- дарактарды бутоо айлана–чөйрөнү тазалоо иретке келтирүү жүргүзүлдү.

Азыркы учурда жалпы Лейлек району боюнча Улуу Жеңиштин урматына жер-жерлерде чоң даярдыктар көрүлүүдө. Буга байланыштуу бардык жердеги орнотулган эстеликтердин айланасы иретке келтирилип, тазаланууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу