Улуу жеңиш

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
23/03 11:10
 

Бишкектеги Аскер лицейинде Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата көчөт отургузулат

 Бишкек, 23-март /Кабар/. 2015-жылдын 24-мартында саат 10до Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Даир Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде Коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин катышуусунда көчөт отургузуу аземи болот. Бул тууралуу коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай акция Улуу жеңиштин 70 жылдыгына, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ыраазычылык билдирүү жана ошол каргашалуу согуштан кайтпай калгандардын элесине арналат.
Иш-чарага республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасы Тараз Токомбаев, Д.Асановдун жубайы Жамалбүбү Асанова, КР Коргоо министрлигинин офицерлери жана лицейдин тарбиялануучулары катышат.

Мындан тышкары, ушундай эле иш-чара Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунда да өтөт. Көчөттөр «Айлана чөйрөнү коргоо» республикалык фонду тарабынан берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу