Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
18/03 16:03
 

Жети-Өгүз районунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери камкордукка алынууда

 Каракол, 18-март /Кубан Мамбетов-Кабар/. Райондогу Желе-Дөбө айылында согуш ардагери 93 жаштагы карыя Осмон Айылчиев жашайт. А кишинин байбичеси Жамиля апа айткандай Осмон ата бактылуу карылыктын дооранын сүрүп келе жатат. Алар 10 баланы бирге тарбиялашып, 29 небере жана 30 чөбүрө көрүшкөн. Ушул 9-майда алардын бардыгы чогулушуп, Осмон атанын үйүндө чоң той өтөт. Ал Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына жана Осмон карыянын 93 жаштык мааракесине арналат. Ардагерге болсо жергиликтүү бийлик тарабынан ар тараптуу камкордуктар көрсөтүлүп, анын «жеңилин жерден, оорун колдон алып» келишет.

Осмон Айылчиев болсо Улуу Жеңишти Германиянын Дрездень шаарында тоскон. Кийин согуштан кайткандан соң чарбалык жумуштарда алектенген. Өзү айткандай ал аткарбаган бир дагы айыл чарба жумушу калган эмес. Анткен менен миллиондогон адамдардын өмүрүн алып кеткен бул алаамат анын эсинде түбөлүккө сакталып калды. Ошондуктан ал согуш алааматын эч кимдин көрбөөсүн, келечек муундары тынчтыкта өмүр сүрүүлөрүн тилек кылат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу