Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
17/03 18:21
 

Республикалык көркөм окуу сынагы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата өткөрүлмөкчү

 Бишкек, 17-март /Кабар/. Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, тил маданиятынын деңгээлин жогорулатуу, көркөм адабий чыгармаларды жайылтуу, талантту балдардын өнөрүн эл алдында ачып берүү жана тил саясатын өркүндөтүү максатында республикалык көркөм окуу сынагын жарыялаган эле. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Жобонун негизинде аталган сынактын райондук турлары өтүп бүтүп, учурда шаардык жана облустук сынактар болуп жатат.
Бүгүн 17-мартта Бишкек шаарындагы №24 мектеп-гимназиясында шаардык сынак болуп өттү. Шартка ылайык тынчтык, согуш, ата мекен, эне тил ж.б. патриоттуулукка тарбиялай турган чыгармаларды көркөм окуп сынакка катышкан окуучулардын арасынан бардык талаптарга төп келүүсү менен өзгөчөлөнүп, көптүн ичинен тандалып алынган жеңүүчүлөрдү алдыда республикалык сынак күтөт.
Мурдатан белгилүү болгондой республикалык көркөм окуу сынагы Жеңиш күнүнүн 70 жылдыгына карата өткөрүлмөкчү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу