Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
17/03 15:06
 

Жети-Өгүз районундагы согуш ардагери Зарлык Калчаев 9-Майда Москвада өтүүчү парадга катышат

 Каракол, 17-март /Кубан Мамбетов-Кабар/. Райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Турдубек Ишебаевдин айтымында райондогу
Ак-Өстөн айыл аймагынан 1941-1945-жылкы кан күйгөн согушка 400 гө чукул эр азамат аттанып, алардын 133ү согуш талаасынан кайтпай калышса, 137си дайынсыз жоголуп кетишкен. Эли-журтуна аман-эсен келгендердин бири Зарлык Калчаев ата. Ал 5 баланы тарбиялап өстүрүп, баардыгына татыктуу билим-тарбия берген. Ал эми өзү болсо Улуу Ата Мекендик согушта Харьков жергесин бошотууга катышып, душман самолетун атып түшүргөндүгү үчүн «Кызыл Жылдыз» орденин алган.

Жети-Өгүз району боюнча 16 согуш ардагери бар. Алардын ар бири райондогу уюм-мекемелерге жана айыл аймактарына тапшырылышкан. Эч кимисинин кем-карчтары жок. Болгон күндө дагы аны дароо четтетүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Учурда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эстеликтеринин айлана-чөйрөсү акталып-сырдалып, кезектеги оңдоолордон өткөрүлүп, согуштан кайтпай калгандардын жана согуштан кайтып келип каза болгон согуш ардагерлерине арналып эстелик-такталар орнотулуп, аттары чегилүүдө. Бул иште айрыкча райондун жаштарынын эмгектери чоң болууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу