Улуу жеңиш

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
16/03 17:03
 

Москвада жеңиш парадына Кыргызстандан 3 согуш ардагери жана 75 аскер кызматкери катышат

 Бишкек, 16-март /Айжамал Дүйшеева-Кабар/. 9-майда Москванын Кызыл аянтында өтүүчү Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына арналган майрамдык парадка Кыргызстандан 3 ардагер жана КРнын Улуттук гвардиясынан 75 аскер кызматкери катышат. Бул тууралуу Жеңиштин ардагерлер кеңешинин, Куралдуу күчтөр жана укук коргоо органынын төрагасынын орун басары Качкын Саргазаков билдирди.

Анын айтымында, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Тенти Тамашаев, Сатымкул Садыков, Мухтар Нургазиев 4-майда Москвада болуп калышы керек.
“Ардагерлерди тандоодо биз биринчи кезекте жанында жакындары коштоп жүрсө дагы өзү кыймылдай алышы үчүн алардын ден соолугуна карадык. Бардык каржаттар тосуп алуучулар тараптан каржыланат”,-деди К.Саргазаков.

Ошондой эле, ал апрелдин аягында кыргызстандык согуштун катышуучулары Москвадагы 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейинде өтүүчү иш-чарага катышат деп кошумчалады.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу