Улуу жеңиш

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
13/03 18:13
 

“Улуу Жеңишке 70 жыл” альманах китепке 1 миң 154 согуш ардагери киргизилди

 Бишкек, 13-март /Айжамал Дүйшеева-Кабар/. Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун кыргызстандык 1 миң 154 катышуучусу тууралуу биографиялык альманах – “Эстелик китеп” чыгарылат. Бул тууралуу долбоордун жетекчиси Марат Усупов билдирди.

Анын айтымында, китепке каалоо-тилектер жана алардын тарыхы, согушка катышкандардын түздөн-түз айтуулары гана эмес, согуштун баатырларынын фотолору дагы киргизилет.

“Бүгүнкү күндө китептин үстүнөн жигердүү иштер жүрүүдө, 9-майга биз 1 миң 154 ардагерге китепти белек катары берүүнү пландап жатабыз. Китептин болжолдуу тиражы 2 миң 500 нуска. Сатууга бербейбиз, китепти долбоорго катышкандарга, ошондой эле баары биздин баатырлардын тарыхы менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн китепканаларга беребиз”,-деди М.Усупов.
Ошондой эле, ал китепти даярдап чыгаруунун аралыгында кээ бир ардагерлер каза болушту, бирок буга карабай каза болгондугу тууралуу эстелик менен чыгарылып, жакындарына берилет деп кошумчалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу