Улуу жеңиш

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
13/03 18:08
 

Чүй облусунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган сүрөт-көргөзмө ачылды

Чүй облусунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган сүрөт-көргөзмө ачылды

Бишкек, 13-март /Кабар/. Бүгүн КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлдүгүнүн аппаратында Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Канат Исаев, райондук акимдер жана облусттагы ардагерлердин катышуусунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган сүрөт-көргөзмөнүн бет ачары болду.
Ыйгарымдуу өкүлдүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, сүрөт-көргөзмөнүн максаты – өтүп бара жаткан баатырдык доорду жана анын образын өсүп келе жаткан муунга калтыруу, ошондой эле алардын оор күндөрдөгү мекенчилдигин жана Мекенге болгон сүйүүсүн көргөзүү болуп саналат.
“Бул жылы биз Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилейбиз жана бул мааракелик күнгө Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө өзгөчө көңүл бурулууда. Белгилүү болгондой, республика боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 174 гана ардагери калды, ар жылы алар азайып бара жатышат. Биз аларга өмүр бою ыраазы болушубуз керек. Аталган сүрөт-көргөзмө биздин баатырларыбызга урмат көрсөтүүбүз. Өсүп келе жаткан муун өмүрүн берип, тынчтык жана жеңиш алып келген мекенчил аталарыбыз тууралуу билиши жана аларды унутпашы керек”,-деди К.Исаев.
Мындан тышкары, иш-чаранын бардык катышуучулары баатырлардын сүрөт-дубалдарына гүл коюшту. Эскерте кетүүчү жагдай, мындай сүрөт-көргөзмө облусттардын бардык райондорунда уюштурулат.

 

1 из 4

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу