Улуу жеңиш

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
13/03 11:57
 

Барскоондо өткөрүлгөн волейбол оюну Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналды

 Каракол, 13-март /Кубан Мамбетов-Кабар/. Жети-Өгүз районундагы Барскоон айыл аймагынын башчысы Руслан Эшмамбетов билдиргендей райондук турнир айыл аймагы тарабынан каржыланып, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып олтурат. Анын үстүнө спортсмендердин жаш өзгөчөлүктөрүнө чек коюлбай, ага мектеп окуучуларынан тартып, улуу муундагы агай-эжейлерге чейинки жарандар тартылышты.

Айылдан согушка 501 эр азамат аттанып, алардын 64ү каза болуп, 120 сы дайынсыз жоголуп, калгандары аман-эсен эли жерине кайтып келишсе, учурда Канатаев Акей менен Сааданбеков Асамбай аталар гана өздөрүнүн бакубат карылыктарын кечиришүүдө. Согушта курман болгон Барскоондуктарга орнотулган эстеликке туташ согуш талаасында дайынсыз жоголгон жана согуштан кайтып келип каза болушкан жарандарга мындан эки жыл мурун эстелик-такта тургузулган.

Спорттук мелдешке Жети-Өгүз районунун аймагындагы 13 айыл өкмөтүнөн келишкен кыздардын 9 жана эркектердин 15 командасы ат салышты. Жыйынтыгында Дархан айылынын кыздар жана эркектер аралык курама командалары биринчи орунду, Ак-Дөбө айылынын курама командасы 2-орунду жана Кичи-Жаргылчак айыл аймагынан келген команда үчүнчү байгелүү орунду ээлеп, кызыктыруучу сыйлыктарга жана дипломдорго арзышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу