Улуу жеңиш

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
13/03 10:47
 

Жети-Өгүз районунда Советтер Союзунун Баатыры, жердешибиз Василий Иванович Суховдун ысымы тизмеге киргизилбей калган

 Каракол, 13-март /Кубан Мамбетов-Кабар/. Караколдогу Жумагул Алышбаев атындагы кооперация институтунун доценти, философия илимдеринин кандидаты Шаршенбай Шакитов кабатырлангандай Каракол шаарындагы Жеңиш паркында Улуу Ата Мекендик согуштун 14 баатырынын эстеликтери тургузулуп, бирок алардын арасында дагы бир баатыр жердешибиз, согушка чейин Жети-Өгүз районунун камсыздоо бөлүмүнүн төрагасы болуп иштеген - Василий Иванович Суховдун ысымы киргизилбей калган. Ага көрсөткөн эрдиги, тайманбастыгы, майтарылбас эрки үчүн 1945-жылдын 23-февралында Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Кан күйгөн салгылашууда капитан Сухов Борбордук, Брянск, 1-Белорус фронтторунда фашисттер менен кандуу кармашка катышкан. 1285-полкуна командачылык кылган. Аткычтардын 3-батальону 1945-жылдын 16-январында Висланын батыш өйүзүнө биринчилерден болуп чыгып, дарыядан полктун ийгиликтүү кечип өтүшүн камсыз кылган. Польшадагы Шнайдемюль чеби үчүн 7 күндүк согушта бөтөнчө эрдик көрсөтүп, 15-февралда баатырларча курман болгон.

Учурда Караколдогу Жеңиш паркында ремонттук жумуштар жүргүзүлүп жатат. Андыктан баатыр жердешибиздин эстелиги Ысык-Көлдүк 14 баатырдын катарына тургузулуп, анын эли-журту, Мекени үчүн жасаган эрдиги келечек муундарына үлгү болорлуктай болуп айтылып жүрсө болмок.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу