Улуу жеңиш

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
12/03 16:08
 

“Улуу Жеңиш – тарых жашап жатат” акциясы башталды

“Улуу Жеңиш – тарых жашап жатат” акциясы башталды

 Бишкек, 12-март /Дайырбек Мейманов– Кабар/. Кыргызстандын ар бир жараны билүүгө тийиш болгон улуу маараке жакындап келе жатат. Ушундан улам.“Бир Бол” партиясы Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган “Улуу Жеңиш-тарых жашап жатат” аттуу акцияны баштады. Бул тууралуу аталган партиянын пресс-кызматы билдирди.
“Кыйраган шаарларды жана бүлүнгөн жашоо-турмушту алып келген согуш жылдары эбак артта калды. Биздин бабаларыбыз үчүн Жеңиш оңойго турган жок, оор жоготууларга карабастан, алар эркиндикти орнотуп, келечекке болгон ишенимди жаратышты. Жер жүзүн фашисттик баскынчылардан сактап калган улуу эрдик тууралуу эч качан унутпаңыздар деген негизги ойду ушул долбоор аркылуу жаш муунга жеткиргибиз келди”-деди партиянын мүчөсү Нурбек Жолборсов. Анын айтымында “Бир Бол” партиясынын мүчөлөрү Кыргызстандын бардык аймактарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен жана Улуу Жеңишти камсыз кылууда тылда эмгектенгендерден видеоинтервьюларды алышат. Видеоинтервьюлардын циклин даярдап, мектептерде, орто жана жогорку окуу жайларында көрсөтүп, социалдык тармактарга жайгаштыруу пландалып жатат.
Ал эми партиянын дагы бир мүчөсү Нургазы Улан уулу “Акциянын максаты - согуштун баатырларын жана тылдын күжүрмөндөрү жөнүндө эскерүү жана кийинки муунга жер жүзүндөгү тынчтыктын барк-баасын түшүндүрүп, Мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу”-деп айтты. Ал Жалал-Абад шаарында жашаган согуш ардагерлер Фарит Муськин, Ахмаджан Киргизов, Александр Григорьев жана Гаффан Сафин жаш активисттер менен эскерүүлөрүн бөлүшкөндүгүн билдирди. Ошондой эле 9-майга жакын Бишкекте “Тарых жашап жатат” аттуу фотокөргөзмө өткөрүлөөрүн, анда видеоинтервьюларга катышкан, согушту өз көзү менен көргөн адамдардын портреттери жана ошол жылдары тартылган ак-кара түстөгү эски фотолор коюларын, бул долбоордун жардамы менен окуу куралдарындагы согуш темасы жаңы тирүү образдарга ээ болоорун кошумчалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу