Спорт

Ноябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
20/01 12:03
 

Кыргызстанда снукер боюнча Азиянын биринчи чемпионаты өтөт

Кыргызстанда снукер боюнча Азиянын биринчи чемпионаты өтөт

Бишкек, 20-январь /Айжамал Дүйшоева-Кабар/. Үстүбүздөгү жылы май айында Ысык-Көлдө снукер боюнча Азиянын биринчи чемпионаты өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын снукер федерациясынын башкы катчысы Шайырбек Маматокторов билдирди.

Анын айтымында, турнир Чолпон-Атадагы Дене тарбия жана ден-соолукту чыңдоочу комплекстин жаңы имаратында өтөт. Чемпионатка 25 өлкөдөн 150-200гө жакын спортчу катышат.

“Кыргызстандан 6 оюнчу катышат, анын үчөө – белгилүү оюнчулар Мухамед Керимдерби уулу, Калыс Сагыналиев жана Сыймык Уралиев, алар буга чейин эл аралык мелдештерге катышып, жаңы орундарды ээлеп келишкен. Кыргызстан бул чемпионатта өзүн сынаган жана дароо эле биздин оюнчу дүйнөлдөгү мыкты 32 оюнчунун катарына кошулду”,-деди ал.

Ошондой эле, Ш.Маматокторов бейге фонду 35 миң долларды түзөт. Бул каражаттын бир бөлүгүн Бильяр жана снукер боюнча Азия асооциациясы берет, ал эми бир бөлүгүн чемпионат өтүп жаткан өлкө бериши керек.

“Биз демөөрчүлөргө үмүт артып турабыз. Ошондой эле, КРнын Өкмөтү дагы чемпионатты өткөрүүгө жардам берет. Ал майданды берип, транспорт чыгымын толугу менен моюнуна алат. Биз барын жогорку деңгээлде өткөрөбүз”,-деп ишендирди ал.

КРнын снукер федерациясынын башкы катчысы чемпионатты өткөрүү КРда спорттун аталган түрүн өнүктүрүүнү гана эмес, Кыргызстанга туристтерди кызыкдар тараптарды тартууну шарттайт. “Бизде кыргызстанды жакшы жагынан көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.эгер аталган чемпионатты жогорку деңгээлде өткөрүп алсак, анда кийинки жылы бул жерде снукер боюнча дүйнө чемпионатын өткөрө алабыз. Анда дүйнөнүн 65 тен ашык өлкөсү катышат”,-деп белгиледи Ш.Маматокторов.

Ошондой эле, маалымат жыйын учурунда Снукер федерациясынын башкатчысы келечекте Борбордук Азия үчүн көп функционалдуу спорттук майдан куруу планы бар экенин айтты. “Биз бүгүн мелдеш өтүү жайдан кабар алуу жана бардык маселени жеринде талкуулоо үчүн Ысык-Көлгө чыгабыз”,-деди ал.

IBSF президенти шейх Мубарак Аль Кхайарииндин айтымында, алар Кыргызстандын чемпионатка даярдыгын текшерүү үчүн келишкен. “Бул жерде биз жакшы адамдарды жолуктурдук, иш-чара дагы жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем. Биз Кыргызстандын снукер федерациясын колдойбуз”,-деди ал.

Өз кезегинде ABSAнын (Бильяр жана снукер боюнча азия ассоциациясы) башкы катчысы Мишель Алькхури Кыргызстандык таланттуу спортчулар тууралуу белгиледи. “Мен Кыргызстандык таланттуу оюнчуларды көрдүм, алардын жаш экенине карабай мүмкүнчүлүктөрү бар экен. Снукер – бильярддын эң эле популярдуу түрү. Кытай эле расмий түрдө 12 млн оюнчу катталган”,-деп кошумчалады ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу