Спорт

Ноябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
19/01 15:11
 

Бишкекте WTF таэквондосу боюнча КР чемпионаты өтөт

Бишкекте WTF таэквондосу боюнча КР чемпионаты өтөт

Бишкек, 19-январь /Кабар/. 28 -29-январда Бишкекте “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин спорт залында WTF таэквондосу боюнча чоңдор жана өспүрүмдөр арасында КР чемпионаты өтөт. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Мелдешке 1999-жылкы жана андан жогору жаштагылар,ошондой эле 2000-2002 –жылкы балдар жана кыздар катыша алышат.
Чемпионат төмөнкү салмактагы категориялар боюнча өтөт:
Эркектер: 54 кг, 58 кг, 63 кг, 68 кг, 74 кг салмакка чейинкилер;
Аялдар: 46 кг, 49 кг, 53 кг, 57 кг, 62 кг салмакка чейинкилер;
Балдар: 45 кг, 48 кг, 51 кг, 55 кг, 59 кг, 63 кг, 67 кг салмакка чейинкилер;
Кыздар: 44 кг, 46 кг, 49 кг салмакка чейинкилер.

Мелдештин максаты - WTF таэквондосу боюнча КР чемпиондорун аныктоо, эл аралык мелдештерге катышуу үчүн улуттук курама команданы түзүү, спорттун олимпиадалык түрү катары WTF таэквондосун КРде өнүктүрүү жана жайылтуу, таэквондочулардын техникалык чеберчилигин өстүрүү болуп саналат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу