Спорт

Сентябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
18/01 12:02
 

2017-жылы Японияда өтүүчү кышкы Азия оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасы аныкталды

 2017-жылы Японияда өтүүчү кышкы Азия оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасы аныкталды

Бишкек, 18-январь /Айжамал Дүйшоева-Кабар/. Спорттун кышкы түрлөрү боюнча Кыргызстандын курама командасы 2016-жылы 19-февралдан 26-февралга чейин Саппоро (Япония) шаарында өтө турган VIII кышкы Азия оюндарына катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, VIII кышкы Азия оюндары спорттун төмөнкү 11 түрү боюнча өтөт: биатлон, тоо лыжа спорту, кёрлинг, коньки жарыш спорту, лыжа жарыш, секиден (трамплин) лыжа менен секирүү, сноуборд, муз үстүндө бийлөө, фристайл, хоккей жана шорт-трек.

“Оюндарга 1500 жакын спортчу жана континенттин 30 улуттук олимпиада комиетинин расмий өкүлдөрү катышат. Кыргызстан VIII кышкы Азия оюндарына кирген спорттун 11 түрүнүн ичинен 4 түрү боюнча катышат”,-деп белгиледи басма сөз кызматы.

Ошондой эле, басма сөз кызматы спортчулар мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиевдин жетекчилиги менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттиктин эсебинен жөнөтүлөрүн белгиледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу