Спорт

Сентябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/01 16:37
 

Бишкекте жаш шахматчылар арасында республиканын чемпиондору аныкталды

Бишкекте жаш шахматчылар арасында республиканын чемпиондору аныкталды

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Бишкекте 15- январда шахмат боюнча балдар, өспүрүмдөр жана кыздар арасында өлкө чемпионаты аяктады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине V Sport агенттигинен билдирди.

Маалыматка караганда, Чемпионат 7-15-январда 6-18 жаштардагы балдар, өспүрүмдөр жана кыздар арасында болгон. 12 комплекттен турган медалдар үчүн таймашка республиканын бардык аймактарынын жаш шахматчылары катышты. Мелдеш швейцария системасы боюнча 9 тур менен өттү.

Балдар арасында Нурэмирбек Азаматов ( 6 жашка чейин), Алишер Жеңишбеков (8 жашка чейин), Исмаил Токтосунов (10 жашка чейин), Эльдияр Орозбаев (12 жашка чейин), Нурмухамад Нурланов (14 жашка чейин), Руслан Съездбеков (16 жашка чейин) жана Чыңгыз Исаев (18 жашка чейин) турнирдин чемпиондору болушту.

Кыздар арасында Бакытбек кызы Алиман (6 жашка чейин), Аяна Абаева (8 жашка чейин), Иманнур Момункулова (10 жашка чейин), Мирлан кызы Азалия (12 жашка чейин), Дария Ли (14), Зарина Усупбекова (16) жана Диана Өмүрбекова (18) мелдештин чемпиондору болушту.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу