Спорт

Сентябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/01 11:21
 

Бишкекте билим берүү системасынын кызматкерлери үчүн “Ден соолук” спартакиадасы башталат

Бишкекте билим берүү системасынын кызматкерлери үчүн “Ден соолук” спартакиадасы башталат

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Эртең,17-январда билим берүү системасынын кызматкерлери үчүн Бишкекте “Ден соолук” спартакиадасы башталат, деп билдирди Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, аталган иш-чара Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Жаштык” спорт жана ден соолуктуу чыңдоо борбору тарабынан уштурулган.

Мелдештин максаты – ЖОЖдордун жана атайын орто окуу жайларынын кызматкерлеринин арасында спортту жана дене тарбияны чыңдоо иш-чараларын жайылтуу.

Волейбол, стритбол, тогуз-коргоол, футбол, шахмат, үстөл тенниси жана ордо боюнча мелдештерге 100дөн ашык адам катышат.

Тандалып алынган күчтүү командалар 2017-жылы өтө турган “Ден соолук” республикалык спартакиадасынын финалдык таймашына катышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу