13.01.2017, 10:36

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде эки орунга төмөндөдү

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде эки орунга төмөндөдү

Бишкек, 13-январь /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы эки орунга төмөнгө түшүп калды, эми ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 124-орунду ээледи, деп билдирди КР Футбол федерациясынан.

Эскерте кетсек, 22-декабрдагы рейтинг боюнча Кыргызстандын курамасы 122-орунда турган, эми январда 124-орунга түштү. Кыргызстандан бир орунга жогору Бахрейи, бир орунга төмөн Түндүк Корея турат.
ФИФАнын рейтинги боюнча Аргентина лидерликти ээлөөдө. 2-орунда – Бразилия, 3-орунда - Германия. Андан кийинки орундарда Чили, Бельгия, Колумбия, Франция, Португалия, Уругвай жана Испаниянын командалары турат.