Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
12/01 14:27
 

Канат Аманкулов: “Алыш күрөшү эл аралык майданда Кыргызстандын визиттик картасы болушу керек”

 Канат Аманкулов: “Алыш күрөшү эл аралык майданда Кыргызстандын визиттик картасы болушу керек”

Бишкек, 12-январь /Кабар/. Улуттук алыш-күрөшү спорту эл аралык спорттук майданда Кыргызстандын визиттик картасы болушу керек. Бул тууралуу мамлекеттик спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов билдирди.

КРнын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, К.Аманкулов алыш бел боо күрөшү боюнча эл аралык федерациянын президенти Гинтаутас Вилейта менен жолукту.
“Жолугушуу алдыдагы жабык мекемеде Азия оюндарына бирдиктүү даярдануу максатында өткөрүлдү. Мелдеш ушул жылы күздө Ашхабад (Түркмөнстан) шаарында өтөт”,-деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө К.Аманкулов Мамлекеттик агенттик Ашхабадда алыш күрөшү боюнча спорттук мелдешти даярдоо жана өткөрүүгө байланыштуу иш-чараларды уюштурууга ар тараптуу жардам берет деп белгиледи.
“Алыш кыргыз улуттук күрөшү болуп саналат жана Кыргызстан спорттун аталган түрүн чет өлкөлөрдө жайылтууга кызыктар. Алыш күрөшү эл аралык спорттук майдандарда Кыргызстандын визиттик картасы болууга тийиш”,-деди К.Аманкулов.

Мындан тышкары, Г.Вилейта оюндар тууралуу айтып берди. “Жабык мекемедеги Азия оюндарында алыш күрөшү боюнча 100 медаль ойнотулат, бул Азия оюндарына секи болот”,-деди Г.Вилейта.

Ошондой эле, бул жылы спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция Эл аралык федерация менен биргеликте алыш күрөшү боюнча калыстар жана машыктыруучулар үчүн 4 семинар өткөрөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу