Спорт

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
12/01 09:54
 

Кыргызстанда биринчи жолу шахмат боюнча майыптар арасында Азиянын чемпионаты өтөт

 Кыргызстанда биринчи жолу шахмат боюнча майыптар арасында Азиянын чемпионаты өтөт

Бишкек, 12-январь /Айжамал Дүйшоева-Кабар/. Кыргызстанда тарыхта биринчи жолу мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасындагы шахмат боюнча Азиянын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу V Sport спорт агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөрүү тууралуу чечим 2016-жылы сентябрда Азия шахмат федерациясынын форумунда кабыл алынган.
“КР шахмат федерациясы өзүнүн долбоорун ийгиликтүү көрсөтүп, аталган чемпионатты өткөрүү укугун утуп алган. Мелдешти май-июнь айларында өткөрүү пландалууда. Чемпионаттын акыркы жобосу январдын аягын а чейин даяр болот”,-деп айтылат билдирүүдө.

Азиянын аталган чемпионатына мүмкүнчүлүгү чектелген бардык каалоочулар катыша алат. Мелдеш майыптар үчүн ФИДЕнин эрежеси боюнча өтөт.

“Категориялардын так саны түшкөн арыздардын жыйынтыгы боюнча аныкталат. Негизинен мелдеш дүлөйлөр, сокурлар жана жалпы майыптуулугу бар адамдардын арасында өткөрүлөт”,-деп белгиледи агенттик.

Эскерте кетсек, 2016-жылы Кыргызстанда биринчи жолу мүмкүнчүлүгү четелгендер арасында шахмат боюнча өлкөнүн чемпионаты өткөн.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу