Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
11/01 18:29
 

2017-жылы Кыргызстандын бардык аймактарында улуттук оюндарга арналган флешмобдор уюштурулат

2017-жылы Кыргызстандын бардык аймактарында улуттук оюндарга арналган флешмобдор уюштурулат

Бишкек, 11-январь /Кабар/. 2017-жылы Кыргызстандын бардык аймактарында улуттук оюндарга арналган “Ордо күнү”, “Тогуз коргоол күнү”, “Көк бөрү күнү” деген ат менен флешмобдор уюштурулат. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамагенттигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекцияда 2016-жылдын жыйынтыгына арналган кеңешме болуп, анда спорттун улуттук түрлөрү боюнча башкы машыктыруучулардын отчеттору угулду.

Дирекциянын директору Алмазбек Касенов быйыл бардык аймактарда спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүгө басым жасаларын, спортчулардын жана машыктыруучулардын маалымат базалары түзүлүп, спорттун түрлөрү боюнча методикалык окуу куралдары даярдаларын белгиледи.

Кеңешменин жүрүшүндө А.Касенов алыш күрөшү боюнча башкы машыктыруучу Кабыл Бөрүбаевге спорттун бул түрүн республиканын бардык аймактарында өкүктүрүүнү тапшырды.
Салбуурун боюнча башкы машыктыруучу Алмазбек Акунов спорттун бул түрү жаатында Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарында иш-чараларды өткөрүү планы бар экендигин айтты.

Ушул жылдан тартып дирекция айкүр, кыз куумай, тыйын эңмей, эр сайыш өңдүү спорттун жаңы түрлөрүн өнүктүрө баштарын басма сөз кызматы кшумчалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу