Спорт

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
10/01 11:07
 

ФИФАнын версиясы боюнча 2016-жылдагы эң мыкты футболчу наамына Криштиану Роналду ээ болду

ФИФАнын версиясы боюнча 2016-жылдагы эң мыкты футболчу наамына Криштиану Роналду ээ болду

Бишкек, 10-январь /Кабар/. Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2016-жылдагы эң мыкты футболчунун ысмын атады, деп билдирди "Р-Спорт".

Ардактуу наамга Мадрид “Реалынын” жана Португалиянын курамасынын форвары Криштиану Роналду ээ болду. Ал эми Мадриддин «Атлетикосунун» жана Франциянын курамасынын чабуулчусу Антуан Гризманн менен «Барселонанын» жана Аргентинанын курамасынын жылдызы Лионель Месси ага атаандаш болушту.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Роналду 34,54% , Месси 26,42%, Гризманн 7,53% добуш алышты.

Өткөн жылы Роналду "Реалда” ойноп жүрүп, Чемпиондор лигасын, Дүйнөнүн чемпионат клубун жана УЕФАнын суперкубогун утуп алган. Ал эми Португалиянын курама командасында ойноп жүрүп Евро-2016 жеңишин камсыз кылган. Мындан мурдараак France Football француз басылмасы бул португалиялык футболчуну “Алтын топ” менен сыйлаган.

Булак: РИА Новости

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу