Спорт

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
09/01 11:46
 

Бишкекте 6-18-жаштагы балдар жана кыздар арасында шахмат боюнча КР чемпионаты башталды

Бишкекте 6-18-жаштагы балдар жана кыздар арасында шахмат боюнча КР чемпионаты башталды

Бишкек, 9-январь /Кабар/. Бишкекте 7-январда 2017-жылдын эсебинен 1-мертебе шахмат турнири – 6-18-жаштагы балдар жана кыздар арасында КР чемпионаты башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине V-Sport спорт агенттигинен билдирди.

Маалыматка караганда, чемпионатты ачуу аземине КР шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов, КР шахмат федерациясынын вице-президенти Талант Мамытов жана спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциянын өкүлдөрү катышты.

“Чемпионатка Кыргызстандын бардык аймактарынан шахматчы балдар, кыздар катышуда. Чемпионат 15-январда жабылат. Чемпионатта Батыш Азияда жакында триумф жараткан Руслан Съездбеков ойной тургандыгын белгилеп кетүү керек. Чемпионаттын жыйынтыгы менен Азиянын Чемпионатына катыша турган КР курама командалары түзүлөт”,-деп белгиледи V-Sport спорт агенттигинен.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу