Спорт

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
06/01 10:38
 

Жалал-Абаддык спортчулар өткөн жылы 141 байгелүү орундарга ээ болушту

Жалал-Абаддык спортчулар өткөн жылы 141 байгелүү орундарга ээ болушту

Бишкек, 6-январь /Кабар/. Өткөн 2016-жыл ичинде Жалал-Абад шаарынын 51 спортчусу алтын, 43 спортчу күмүш, 47 спортчу коло медалдарга ээ болушкан. Тактап айтканда, 2015-жылга салыштырмалуу мелдештерге катышуу саны 27ге көп болуп, байгелуу орундарды ээлөө саны 38ге көбөйгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Адыл Бакиров билдиргенин шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

“Бизде 2016-жыл ичинде иш-пландын негизинде аткарылуучу иш-чаралар толугу менен аткарылды. Жалпысынан спорттун 13 түрү боюнча 121 мелдеш каржыланып, анын ичинен спортчулар 48 эл аралык мелдештерге, 43 республикалык мелдештерге, 6 Азиялык мелдешке жана 4 дүйнөлүк мелдешке катышышты жана байгелүү орундарды ээлешти”, - дейт А. Бакиров.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери спортко көңүл буруу менен борбордук “Курманбек” стадионун толугу менен реконструкциялоодон өткөрүшөн. Азыркы тапта бул стадион эл аралык талаптарга толугу менен жооп берет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу