Спорт

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
04/01 17:19
 

КР Футболь федерациясы Каракол шаарындагы стадионго кызыкты

КР Футболь федерациясы Каракол шаарындагы стадионго кызыкты

Бишкек, 4-январь /Кабар/. КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү КР Футболь федерациясынын президенти Семетей Султанов менен жолугушуп, Каракол шаарындагы стадиондун базасында мейманкана комплекси менен кошо 2 чакан футболь аянтчасын жана 2 чоң футболь талаасын куруу тууралуу сүйлөштү.

“Биз спорт оюндарын комплекстүү өнүктүрүү ниетиндебиз. Бул стадион союз маалында курулган, бирок андагы бардык жакшы нерселерди колдонуп калуу керек”,-деди Асхат Акибаев.
КР Футболь федерациясынын президенти жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын колдоосунда футболдук командаларды уюштурууну сунуш кылды.

“Бул абдан жакшы сунуш, муну мэрлер, акимдер менен кеңешүү зарыл, аны каржылоо мүмкүнчүлүгүн да кароо керек”,-деди А.Акибаев.

Белгилей кетсек, Каракол шаарынын стадионунун жалпы аянты 5 гектар. Стадион менен ага тиешелүү 25 кишилик мейманкана 60-70-жылдары курулган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу