Спорт

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
04/01 12:27
 

Валентина Шевченко UFC версиясы боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү спортчу деп таанылды

Валентина Шевченко UFC версиясы боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү спортчу деп таанылды

Бишкек, 4-январь /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко UFC (Ultimate Fighting Championship) версиясы боюнча дүйнөдөгү эң күчтүү спортчу деп таанылды.

Маалыматка караганда, аталган уюмдун жаңыланган рейтинги турнирдин жыйынтыгы боюнча жарыяланган.
Мурдагы рейтингде В.Шевченко Ронда Роузиден кийин 2-орунда турган (АКШ). Бирок Р.Роузи Аманда Нуньеске уттуруп койгон соң 4-орунга түшүп калды. Ал эми андан кийин турган В.Шевченко рейтингди жетектеп 1-орунга чыкты.
2-орунда Джулианна Пенья (АКШ) турат. Валентина менен Джулианна Пенья январдын этегинде беттешет.
3-орунда американкалык Холли Холм турат.

Белгилей кетсек, Ultimate Fighting Championship — Түндүк Америкада, Европада, Азияда мушташтын аралаш эрежеси боюнча мелдештерди өткөрүп жүргөн спорттук уюм. Анын штаб-квартирасыЛас-Вегаста (АКШ) жайгашкан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу