Спорт

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
29/12 10:56
 

Бишкекте кыздар арасында футбол боюнча турнир аяктады

Бишкек, 29-декабрь /Кабар/. Бишкекте кыздар арасында футбол боюнча Спорттун олимпиадалык резерв оюндарынын адистешкен балдар-өспүрүмдөр мектебинин ачык биринчилиги аяктады. Бул тууралуу башкалаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Биринчилик мелдешке Бишкектин спорт мектептеринин 70тен ашык футболчулары катышты. Мелдеш Спорттун олимпиадалык резерв оюндарынын адистешкен балдар-өспүрүмдөр мектеби тарабынан уюштурулду. Жеңгендерди сыйлоо салтанатына Спорттун олимпиадалык резерв оюндарынын адистешкен балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору Мейирхан Аманбеков менен КРнын футбол федерациясынын Башкы катчысынын орун басары Нурдин Букуев катышты.

“Келечеке умтулуп турганыңарды көрүп кубанып турам. Суукка карабай ушул жерде футбол ойноп, ден соолугуңарды чыңдап жатканыңарга ыраазымын. Футболду сүйгүлө, алдыга койгон максатыңарга жеткиле”-деди Мейирхан Аманбеков жаш спортчуларга кайрылып.

Биринчилик үчүн 6 команда ат салышты.
1-орунду – СДЮШОР СИ – 1;
2-орунду – РСДЮШОР ФЦ;
3-орунду – СДЮШОР СИ – 16
командалары жеңип алышты.

2003-жылы төрөлгөн жана андан жаш курактаны кыздар арасында футбол боюнча Спорттун олимпиадалык резерв оюндарынын адистешкен балдар-өспүрүмдөр мектебинин ачык биринчилиги 22-28-декабрда болуп өттү.
Жеңүүчүлөр кубоктор, медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу