Спорт

Сентябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
26/12 10:49
 

Жалал-Абадда карате-до боюнча биринчи жолу жаш-өспүрүмдөр арасында “Аяз-Ата” кубогуна мелдештер өткөрүлдү

 Жалал-Абадда карате-до боюнча биринчи жолу жаш-өспүрүмдөр арасында “Аяз-Ата” кубогуна мелдештер өткөрүлдү

Бишкек, 26-декабрь /Кабар/. Жалал-абад шаарында жайгашкан №3 Жусупбек Бакиев атында орто мектебинде карате-до боюнча “Аяз-Ата” кубогуна жаш өспүрүмдөр арасында мледештер өткөрулдү. Мелдешти шаардык мэрия, шаардык кеңештин депутаттары, Жалал-Абад облустук карате-до федерациясы, ошондой эле шаардык спорт комитети уюштурууну колуна алышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук карате-до федерациясынын башкы директору Рахман уулу Бакыт билдирди.

Анын айтымына караганда, бүгүнкү мелдешке 150 бала катышты, 7 командада 6 жаштан 17 жашка чейинки жаш-өспүрүмдөр арасында өтүп жатат.

“Жаңы-жылдын алдында жыл жыйынтыгына карата, ошондой эле Жаңы жылды жакшы маанайда тосуп алуу үчүн бүгүнкү мелдеш өткөрүлүп жатат. Негизги максатыбыз жаш өспүрүмдөрдүн спортко болгон кызуугусун арттыруу, Мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүү, мекенчил болууга үндөө болуп эсептелет. Бул саамалыкты биз жылына өткөрүүнү пландап жатабыз”, - дейт ал өз сөзүндө.

Алынган маалыматка караганда, Жалал-Абад облустук карате-до федерациясында 200дөн ашуун бала тарбияланса, 29 машыктыруучу эмгектенет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу