21.12.2016, 13:02

Дарья Маслова Кытайда өткөн эл аралык марафондо күмүш медалды жеңип алды

Дарья Маслова Кытайда өткөн эл аралык марафондо күмүш медалды жеңип алды

Бишкек, 21-декабрь /Кабар/. Рио-де-Жанейродогу Олимпиаданын катышуучусу Дарья Маслова 17-декабрда Кытайдын Куньмин шаарында өткөн эл аралык марафондо күмүш медалды жеңип алды. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттигинен билдирди.

Марафонго ШКУга мүчө өлкөлөрдөн 15 миңден ашык спортчулар, ошондой эле
Эфиопиядан, Кениядан, Канададан, Германиядан, АКШдан, Улуу Британиядан, Франциядан, Таиланддан, Угандадан жана Сенегалдан күлүктөр катышты.

«Кыргызстандан жеңил атлеттер Виктория Полюдина, Дарья Маслова жана Илья Тяпкин барышты. Аялдар арасында 42,195 км аралыкка жарышта Дарья Маслова 2-орунду алып, күмүш медалды жеңип алды”-дешти басма сөз кызматынан .
Марафон ШКУнун 15 жылдык урматына арналды.