Спорт

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
20/12 10:20
 

Кыргызстандын спортчулары Латвияда өткөн спорт бийи жаатындагы Baltic Grand Prix эл аралык турнирде күмүш медаль жеңип алышты

Кыргызстандын спортчулары Латвияда өткөн спорт бийи жаатындагы Baltic Grand Prix эл аралык турнирде күмүш медаль жеңип алышты

Бишкек, 20-декабрь /Кабар/. Кыргызстандын спортчулары 16-18-декабрда Ригада (Латвия) өткөн спорт бийи жаатындагы Baltic Grand Prix - 2016 WDSF International Open эл аралык турнирге катышты. Бул тууралуу “Кабар”агенттигине КРнын Бий спорту федерациясынын вице-президенти Валентина Доронина билдирди.

Анын айтымында, турнирге WDSF International Open чоңдор категориясында ар кайсы өлкөлөрдөн 59 түгөй катышты, алардын ичинен кыргызстандык Артем Семеренко менен Валерия Качалко күмүш медалды жеңип алышты.

“Мындан тышкары эл аралык турнирдин алкагында латынамерикалык программа боюнча өспүрүмдөр арасында чемпионат өтүп, ага Кыргызстандан экиден түгөй -
Кайрат Алгадаев менен Елизавета Макарова жана Рустам Резванов менен Анастасия Зуева катышты. Булар дүйнө чемпионатына алгачкы мертебе катышып, 71 түгөйдүн ичинен Р.Резванов менен А.Зуева 46-орунду, К.Алгадаев менен Е.Макарова 59-орунду ээлешти”-деди В.Доронина.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу