Спорт

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
15/12 16:19
 

ОшМУнун студенти алыш белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубокто алтын медаль тагынды

ОшМУнун студенти алыш белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубокто алтын медаль тагынды

Бишкек, 15-декабрь /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетинин 1-курсунун студенти эркин күрөш боюнча спорттун чебери, алыш күрөшүндө эл аралык класс боюнча спорттун чебери Мамарасул кызы Алтынай Беларусиянын Минск шаарында 10-11-декабрь күндөрү болуп өткөн алыш белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда 70 кг чейинки салмакта алтын медалга ээ болуп, жеңиш менен кайтып келди. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Аталган кубокто 17 өлкөнүн спортчулары биринчилик үчүн күрөшүшкөн. Турнирдин жыйынтыгында Кыргызстандын командасы 1-орунду багындырышкан.

Иран, Түркмөн, Азербайжан балбандары, финалда Беларусиялык балбан менен мелдешке чыгып жеңишке жетиштишкен Мамарасул кызы Алтынай мындан ары да билим алуу менен талыкпай эмгектенип Кыргызстандын желегин дүйнөлүк мелдештерде желбиретүүгө аракет кыларын билдирди.

Белгилей кетсек, Мамарасул кызы Алтынай Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болгон. Анын ийгиликтерин колдогон Ош мамлекеттик университети учурда келишимдик акысын 50 пайыз жеңилдетсе, 50 пайызы университеттин ректору Каныбек Исаков тарабынан каржыланган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу