Спорт

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
14/12 16:33
 

Кыргызстандык спортчулар Минскиде өткөн алыш белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда 5 медаль жеңип алышты

Кыргызстандык спортчулар Минскиде өткөн алыш белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда 5 медаль жеңип алышты

Бишкек, 14-декабрь /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар алыш белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда 5 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, 10-11-декабрда Минск (Беларусь) шаарында 17 өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда эркектер жана аялдар арасында алыш белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубогу болгон.

“Дүйнө кубогуна Кыргызстандан 6 спортчу катышты. Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандык балбандар 3 алтын, 1 күмүш, 1 коло медал жеңип алышты”,-деп билдирди басма сөз кызматынан.

Жеңиш ээлери:
1 -орун - Мамарасул кызы Алтынай, 70 кг чейин;
1-орун - Казбек уулу Ирлан, 70 кг чейин;
1-орун - Маматзакиров Кайрат, 90 кг дан жогору;
2 -орун - Дильдора Рахманова, 75 кг дан жогору;
3 -орун - Кадыр Келсинбеков, 90 кг дан жогору.

Турнирдин жыйынтыгында Кыргызстандын командасы 1-орунду, Украинанын командасы 2-орунду, Белоруссиянын командасы 3-орунду ээлешти.

1 из 2

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу