Спорт

Июнь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
12/12 17:43
 

Кыргызстандын волейбол клубу Россиядагы эл аралык турнирде биринчиликти алды

Бишкек, 12-декабрь /Кабар/. Кыргызстандын “Улар” волейбол клубу Россияда өткөн эл аралык мелдеште биринчиликти алып, алтынга ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, денетарбия жана спорт мамагенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-декабрда Петропавловск-Камчатск шаарында Анатолий Таранцтын кубогуна XII эл аралык турнир болуп өттү. Мелдеште 5 команда: Россиянын «Узон», «Сокол», «Камчатаэронавигация», «Регион» жана Бишкектин «Улар» командасы таймашты.

“Кыргызстандын командасы 3 оюнда катары менен утуп, аягында «Камчатаэронавигация» командасы менен беттешип, 3:2 эсебинде аны да утту. 2-жана 3-орундарды “Сокол” менен “Камчатаэронавигация” командаларынын волейболчулары ээлешти”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу