12.12.2016, 11:28

Кыргызстандык Догдурбек уулу Эламан Будапештте өткөн дүйнө чемпионатында коло медалды жеңип алды

Кыргызстандык Догдурбек уулу Эламан Будапештте өткөн дүйнө чемпионатында коло медалды жеңип алды

Бишкек, 12-декабрь /Кабар/. Эркин күрөш боюнча КРнын улуттук курама командасынын мүчөсү Догдурбек уулу Эламан 2016-жылдын 12-декабрында Будапештте (Румыния) өткөн дүйнө чемпионатында коло медалды жана 3-орунду жеңип алды.

КР күрөш федерациясынан билдиргендей, 10-декабрда башталган дүйнө чемпионатында салмактык категорияга карата 6 медалга таймаш өткөн.

“Э.Догдурбек уулу эркин күрөш боюнча 70 кг салмактык категорияда күрөшүп, 3-орунду алып, коло медалга татыды”,-деп маалымдады федерациядан.