Спорт

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
02/12 17:30
 

Кыргызстандык Мадина тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатында алтын медалды жеңип алды

 Кыргызстандык Мадина тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатында алтын медалды жеңип алды

Бишкек, 2-декабрь /Кабар/. Кыргызстандык Мадина Курманбекова жаштар жана кадеттер арасында тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатында алтын медалды жеңип алды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, турнир 24-30-ноябрда Тоолуу-Алтай шаарында (Россия) өткөн.

“Чемпионатка Россиянын, Кыргызстандын, Казакстандын, Монголиянын, Өзбекстандын спортчулары катышты. Кыргызстандык Мадина Курманбекова 19 жашка чейинки “стандарт” категориясындагы оюнчулар арасында 1-орунду ээледи”,-дешти басма сөз кызматынан.

М.Курманбекова – КР спортунун чебери, 2015-жылы дүйнө чемпионатында коло медалды алган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу