Спорт

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
02/12 13:24
 

Бишкекте алгачкы жолу чир спорту, чирлидинг, роуп-скиппинг жана спорттук мажоретка боюнча чемпионат өтөт

Бишкек, 2- декабрь /Кабар/. Бүгүн Арча-Бешиктеги “Газпромдун” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда чир спорту, чирлидинг, роуп-скиппинг жана спорттук мажоретка боюнча КРдын чемпионаты жана биринчилиги өтөт. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында уюштуруучулар билдирди.

КРдык Спорттук мажоретка жана батон твирлинг боюнча федерациясынын президенти Оксана Поляничконун айтымында, чемпионатты уюштурууга КРдын чир спорту, чирлидинг, роуп-скиппинг жана роуп-джамп биримдиги, ошондой эле спорттук мажоретка жана батон твирлинг коомдук биримдиги жетекчилик кылууда.

“Биз спорттун жаңы түрлөрүн Кыргызстанда өнүктүргүбүз келет. Өлкөбүздө балдардын 80% өтө аз кыймылдашат, андыктан жаштарды “Ден солугу чың балдар – ден соолугу чың улут” деген девиз менен спорттун кызыктуу түрлөрүнө тарткыбыз келет”-деди О.Поляничко.

КРдын чирлидинг, чир спортунун вице-президенти Айнура Абдылдаева мелдеш аталган спортту Кыргызстанда жайылтуу жана жаштардын ден соолугун чыңдоо максатында өткөрүлүп жатканын белгиледи.

“Биз балдарды бала бакчадан тартып, ЖОЖдорго чейин спорттун шамдагай түрүнө таркыбыз келет, анткени алар дайыма кыймыл-аракетте болушу зарыл”-деп айтты А.Абдылдаева.

Маалымат жыйынынын жүрүшүндө тренер, Москва шаарындагы спорттук мажоретка боюнча эл аралык калыс Лилия Быкова спорттук мажоретка, батан, помпон тууралуу айтып берди.

“Спорттун бул түрлөрү дүйнөгө мурдатан белгилүү, Россияга кийин тарады. Эми сиздер да буга кызыгып жатканыңарга кубанып турам”-деди ал.
Маалымат жыйында чирлидинг жана роуп-скиппинг боюнча Ысык-Көл облусунун өкүлү Мария Кулиш, роуп-скиппинг боюнча Россиянын чемпиону Рустам Бактыбеков спорттун аталган түрлөрү боюнча ойлорун ортого салды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу