Спорт

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
30/11 13:35
 

ММА боюнча Азия чемпионатын 2017-жылы Кыргызстанда өткөрүүгө билдирүү жөнөтүлдү

Бишкек, 30- ноябрь /Кабар/. КР ММА федерациясы (аралаш күжүрмөн искусство) ММА боюнча Азия чемпионатын 2017-жылы Кыргызстанда өткөрүүгө билдирүү жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Панкратион боюнча ММА федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда Азия чемпионатын өткөрүү үчүн бардык шарттар бар.
“Чемпионатты Оштун жана Бишкектин стадиондорунда өткөрүүнү пландоодобуз. Бул стадиондор эл аралык стандарттарга жооп берет. Негизи Азия чемпионатын 2017-жылы Кыргызстанда өткөрүүгө макулдук келсе, андан кийин гана стадионду так аныктайбыз”-деди ал.

Ал ошондой эле чемпионатка дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн спортчулар келерин белгиледи.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу