30.11.2016, 12:19

Кыргызстандык шахматчылар шахмат боюнча Казакстанда өткөн эл аралык турнирде мыкты оюн көрсөтүштү

Кыргызстандык шахматчылар шахмат боюнча Казакстанда өткөн  эл аралык турнирде мыкты оюн көрсөтүштү

Бишкек, 30- ноябрь /Кабар/. Кыргызстандык шахматчылар шахмат боюнча Казакстанда өткөн “Pavlodar Open 2016” эл аралык турнирде мыкты оюн көрсөтүштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР шахмат федерациясынан билдирди.

Маалыматка караганда, 21-29-ноябрда Павлодарда XI турнир болуп, ага 8 өлкөдөн 100 спортчу жана 13 эл аралык гроссмейстерлер катышкан.

Акыркы 10-турда кыргызстандык С.Төлөгөнтегин россиялык Сергей Заблоцкийге каршы ойноп , партия тең аяктады. 7 очкосу менен ал турнирде 6-орунду ээледи”-дешти федерациядан.

Дагы бир кыргызстандык Михаил Марков акыркы турда беларуссиялык Алексей Александровго каршы ойноп, тең чыгып, 7 очкосу менен 10-орунду ээледи.

Мындан тышкары блиц-турнирде катышуучулар 9 турда мелдешти. Кыргызстандык М.Марков 6,5 очко топтоп, 28 шахматчылардын ичинен 3-орунду ээледи.