Спорт

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
25/11 10:28
 

Бишкекте 18-спартакиада алкагында майыптар арасында армрестлинг боюнча турнир башталды

Бишкекте 18-спартакиада алкагында майыптар арасында армрестлинг боюнча турнир башталды

Бишкек, 25-ноябрь /Кабар/. Бишкектин Свердлов районундагы Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги жаштар мектебинде жакында 18-спартакиада алкагында майыптар арасында армрестлинг боюнча турнир башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Турнирге дүлөй, дем алуусунан жана борбордук нерв системасынан жапа чеккен өспүрүмдөр жана андан улуу жаштагылар катышууда.
Мелдеш өспүрүмдөр арасында - 48, 50, 52, 55, 60, 65, 70, 80 кг жана андан ашык салмактык категорияда, улуу жаштагылар арасында 60, 65, 70, 80, 90 жана андан ашык салмактык категорияда өтүүдө.

Мелдешке 12 уюмдан 200 ашык спортчу катышууда.
Бул спартакиада майыптарды спортко тартуу жана алардын ден соолугун чыңдоо максатында өткөрүлүүдө.

Армрестлинг боюнча чемпионат 26-ноябрга чейин созулат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу