24.11.2016, 10:57

Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталууда

Бишкек, 24-ноябрь /Кабар/. Бишкекте 24-27-ноябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында эркектер жана аялдар арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу КРдын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча Мамагенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чемпионатка Бишкектин, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Исык-Көл, Чүй облустарынын курама командалары катышат.

Таймаш төмөнкү салмактык категориялар боюнча болот:
Эркектер арасында: 46 кг, 49 кг, 52 кг, 56 кг, 60 кг, 64 кг, 69 кг, 75 кг, 81 кг, 91 кг жана андан ашык салмакта.
Аялдар арасында: 45кг, 48 кг, 51 кг, 54 кг, 57 кг, 60 кг, 64 кг, 69 кг, 75 кг, 81 кг жана андан салмакта.

Чемпионат республиканын күчтүү боксчуларын аныктоо, эркектер жана аялдар арасында бокс боюнча Улуттук курама команданы толуктоо максатында өткөрүлөт.

Мелдеш КРдын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча Мамагенттиги жана КРдин Улуттук бокс федерациясы тарабынан уюштурулууда.