Спорт

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
22/11 16:10
 

Спорт ордосунда экс-муфтий Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өтөт

Спорт ордосунда экс-муфтий Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өтөт

Бишкек, 22-ноябрь /Кабар/. Эртең, 23-ноябрь күнү саат 9:00до Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы экс-муфтий Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган ынтымакты, биримдикти чыңдоо максатында спорт оюндары боюнча диний уюмдар жана медреселер аралык таймашын өткөрмөкчү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган саамалыкта диний уюмдардын жана диний окуу жайлардын студенттери футбол, волейбол оюндары боюнча өздөрүнүн күчтөрүн сынашмакчы.

Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорт оюндары жыл сайын күз жана жаз мезгилдеринде уюштурулуп келет. Бул салтка айланып калган жөрөлгө. Быйылкы жылы Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан уюштурулууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу