Спорт

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/11 18:09
 

Эртең Бишкекте А.Масалиевдин элесине арналган мелдеш өтөт

Бишкек, 18-ноябрь /Кабар/. Эртең саат 10:00до Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргызстандын баатыры Абсамат Масалиевдин элесине арналган эл аралык мелдеш башталат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей, медалдар 6 салмактык категорияда эркектер жана аялдар арасында ойнотулат. Мелдешке Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын спортчулары катышат.

“Иш-чараны спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция Алыш бел күрөшү федерациясы жана А.Масалиев атындагы коомдук фонд менен биргеликте уюштурган”,-деди басма сөз кызматынан.

Аталган мелдеш 4-жолу өткөрүлүп жатат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу