Спорт

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
18/11 17:15
 

Кыргызстандык Антонина Шевченко тай боксу боюнча дүйнө чемпиондук титулун коргойт

Кыргызстандык Антонина Шевченко тай боксу боюнча дүйнө чемпиондук титулун коргойт

Бишкек, 18-ноябрь /Кабар/. Кыргызстандын Муайтай IFMA тай боксу федерациясынын спортчусу Антонина Шевченко муайтай Lion Fight Promotion боюнча профессионалдык таймашка катышуучулардын атайын таразасына түштү. Бул тууралуу Тай боксу федерациясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара АКШнын Коннектикут штатындагы Фоксвуд казиносунун аренасында болду.

“Lion Fight версиясы боюнча дүйнө чемпиону Антонина Шевченко 135 lbs (61,2 кг) салмактык категориясында голландиялык спортчу Илона Вижманс менен беттешет. Тараза көрсөткөндөй Антонинанын салмагы 134 lbs, ал эми анын атаандашынын салмагы 133 lbs болду”,-деп маалымдады басма сөз кызматынан.

Таймаш 2016-жылдын 18-ноябрында болот, бирок убакыттын айырмачылыгынан улам биздин күйөрмандар таймашты AXS TV Fights көрсөтүүсүнөн 19-ноябрда эрте менен көрө алышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу