Спорт

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
17/11 14:53
 

Кыргызстандык мушкерлер Россияда дүйнөлүк жаштар чемпионатына катышат

 Кыргызстандык мушкерлер Россияда дүйнөлүк жаштар чемпионатына катышат

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. Кыргызстандык мушкерлер Санкт-Петербург (Россия) шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк жаштар чемпионатына катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Кыргызстандын бокс федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8 спортчудан турган кыргыз командасынын курамы Россияга жөнөп кетишти, алар Кыргызстан жаштар курамасынын машыктыруучусу Бакыт Рыскуловдун жетекчилигинде чыгышат.

“Спортчулар 14-ноябрда Санкт-Петербурга учуп кетишкен, каттоодон өтүштү. Биздин мушкерлер беттештерин 18-ноябрда башташат”,-деп айтылат Бокс федерациясынын билдирүүсүндө.

Бокс боюнча дүйнө чемпионаты 17-ноябрда башталды, жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулат, ал үчүн 63 өлкөдөн келген 350 дөн ашык спортчу ат салышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу