Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/11 10:33
 

М.И.Ахунбаевдин жаркын элесине арналган ардагерлер арасында турнир болуп өттү

М.И.Ахунбаевдин жаркын элесине арналган ардагерлер арасында турнир болуп өттү

Бишкек, 17-ноябрь /Кабар/. Кечээ “Карвен үстөл тенниси борборунда” медицина илимдеринин доктору, профессор Медер Исаевич Ахунбаевдин жаркын элесине арналган ардагерлер арасында турнир болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Медер Исаевич Кыргызстанда үстөл теннисин калыптандыруунун башында турган. 1956-жылы атактуу машыктыруучу Ю.А Посевиндин окуучуларынын алгачкы тобуна кирген. 1958-1969-жылдары үстөл тенниси боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамында ойногон. Кыргызстандын чемпиону, СССР элдеринин спартикиадасынын жеңүүчүсү болуп, СССР спортунун чеберлигине талапкерликке жеткен.

Мелдеште 50-62 жаштагылар арасында 1-орунду Шаршен Акбеков, 2-орунду Самудин Белеков, 3-орунду Максат Байманбетов алды.
62-75 жаштагылар арасында 1-орунга Сергей Ильяшенко, 2-орунга Виктор Назарова 3-орунга Алик Шамшиев ээ болду.
Ал эми өнөктөштүк оюнунда 1-орунду Шаршен Акбеков менен Сергей Ильяшенко, 2-орунду Шайлообек Өмүралиев менен Виктор Назаров, 3-орунду Сагын Атаев менен Гулхасан Мирхасан ээлешти.

Жеңүүчүлөр дипломдор, медалдар жанан баалуу сыйлыктар менен сыйланышты

(Сүрөттөр akipress.org сайтынан алынды).

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу