Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/11 17:16
 

Жапониядагы КР элчиси Токиодо өткөн 5 км аралыктагы чуркоодо 1-орунду ээледи

Жапониядагы КР элчиси Токиодо өткөн 5 км аралыктагы чуркоодо 1-орунду ээледи

Бишкек, 14-ноябрь /Кабар/. 2016-жылдын 13-ноябрында Жапониядагы кыргыз элчилиги Жапония ТИМинин жана Токио мэриясынын көмөгү менен «Active International Association» бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулган 6-Эл аралык Достук марафонуна (“6th International Friendly Run”) катышты.

КР ТИМи билдиргендей, иш-чаранын максаты - спорт аркылуу эл аралык маданий диалогду бекемдөө болуп саналат. 21, 10 жана 5 км аралыктагы чуркоого Токионун тургундары жана Жапониянын дипкорпусунан 600дөн ашык адам катышты.
Чуркоо багыты Токионун белгилүү туристтик жайы болгон жана жапон жаштары көп чогулган Одайба жасалма аралындагы Токионун жээгинде өттү.

КР элчиси Ч.Айдарбеков 5 км аралыктагы чуркоого катышып, эркектер арасында 1-орунду ээледи.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу