Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/11 11:05
 

Кыргызстандыктар самбо боюнча дүйнө чемпионатында 2 “коло” утуп алышты

Бишкек, 14-ноябрь /Кабар/. Кыргызстандыктар самбо боюнча дүйнөлүк биринчиликте 2 “коло” медаль утуп алышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын самбо федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдеш 11-13-ноябрда Софияда (Болгария) өттү. Ага 80 өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Мелдеште спорттук жана согуштук самбо боюнча 27 комплект сыйлык ойнотулду.

“Кыргызстандык спортчулар Жаныбек Акматов жана Мухамедали Эргешев “коло” медаль утуп алышты”,-деп билдирди федерациядан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу