Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/11 10:08
 

Бишкекте пауэрлифтинг боюнча “Титандар кармашы” мелдеши болот

Бишкекте пауэрлифтинг боюнча “Титандар кармашы” мелдеши болот

Бишкек, 14-ноябрь /Кабар/. Бишкекте 19-20-ноябрда WPC версиясында пауэрлифтинг боюнча “Титандар кармашы” турнири болот. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка караганда, турнирге 75-100 кг жана андан ашык салмактагы категория боюнча спортчулар катышат.

“Мелдешке катышууга бул таймаш боюнча даярдыктан өткөн жана даарыгерден уруксат алган 13 жаштан жогорку спортчуларга гана уруксат берилет.

Иш-чара пауэрлифтингди КР аймагында жайылтуу, спорттун бул түрү боюнча спортчулардын чеберчилигин өстүрүү максатында өткөрүлүүдө”,-дешти уюштуруучулар.

Турнир “Таза спорт. Спорт кызытма даарысыз” урааны менен өтөт. Иш-чара өтүүчү дарек: «АЮ GrandComfort» соода борбору, Чолпон-Ата көч. 2.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу