Спорт

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
10/11 16:36
 

Бишкекте жаштар арасында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт

Бишкек, 10-ноябрь /Кабар/. Бишкекте Александр Ремезовдун жаркын элесине арналып, жаштар арасында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өтөт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, турнир 18-20-ноябрда Свердлов районундагы Р.Санатбаев атындагы спорт комплексинде өтөт. Мелдеш республикада эркин жана грек-рим күрөшүн жайылтуу, жаштарды спортко тартуу жана спортчулар арасында достук мамилени бекеимдөө максатында уюштурулууда.

Мелдешке 200гө жакын спортчулар катышып, 8 салмактык категорияда медалдар ойнотулат.

Турнирди Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы Бишкектин күрөш федерациясы менен биргеликте уюштурууда.
Алдыңкы орундарды алгандар дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу