Спорт

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
10/11 16:16
 

Кыргызстандык шахматчылар Казакстандагы мелдеште “алтын” утуп алышты

Бишкек, 10-ноябрь /Кабар/. Кыргызстандык шахматчылар Казакстанда өткөн мелдеште 1-орундарды багындырышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине V-Sport. спорттук агенттигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Карагандада (Казакстан) 2-9-ноябрь аралыгында Караганда шаарынын акиминин байгесине 2-мелдеш өткөрүлдү.
“Мелдешке эл аралык чебер нормативи менен 10 адам катышып, алар айланма система боюнча ойношту. Казакстан, Россия, Кыргызстан, Украина жана Тажикстандын шахматчылары күч сынашты. Семетей Төлөгөн тегин 7 жолу утуп, 1 тең чыгуу менен жыйынтыгында 9 балдын 7,5 балы менен 1-орунду ээледи”,-деп билдирди агенттиктен.

Ошондой эле, Шымкентте (Казакстан) 29-октябрдан 5-ноябрга чейин эл аралык гроссмейстер Дармен Садуакасовдун кубогуна эл аралык мелдеш өттү.

“17 жашка чейинки курактык категорияда Кыргызстандан Диана Өмүрбекова катышып, 9 баллдын 8,5 балын жыйнады. Жыйынтыгында алтын медаль, ошондой эле “Мелдештин мыкты старты” наамын утуп алды”,-деп билдирди агенттиктен.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу